Мадина шаарчасы. Чек арада көз жумгандардын үй-бүлөсүнө үйлөр тапшырылды

17 сентября 2021 Мадина шаарчасы. Чек арада көз жумгандардын үй-бүлөсүнө үйлөр тапшырылды

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө жаңы курулган үйлөр тапшырылды. Бул маалыматты аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө жаңы курулган үйлөр тапшырылды

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча өлкө башчынын атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, ЖК депутаты Карамат Орозова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана көз жумган жарандардын жакындары катышты.

Алгач маркумдарга куран окулуп, андан соң облус башчысы шейит кеткендердин жакындарына Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтты.

"Алардын мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган уул-кыздарыбыз тарбиялансын", — деди Абдикаримов.

36 үй Баткен районунун Чет-Булак кварталында курулган. Бардыгы тең үч бөлмөлүү жана ашканасы бар, заманбап шарттар каралып, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү жабдыктар менен камсыздалган.

Шаарча 29-апрель күнү тажикстандыктар тарабынан куралдуу кол салуу учурунда каза болгон 13 жаштагы Мадина Рахматжанованын элесине арналып Мадина шаарчасы деп аталган.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.


sputnik