Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды. Сүрөт

16 сентября 2021 Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды. Сүрөт

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн "Улут сарайына" келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн "Улут сарайына" келди

Билдирмеге караганда, Жапаров Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен "Улут сарайынан" учурашып, андан кийин ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге сүрөткө түшүшкөн.

Андан соң уюмга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери күн тартибин тар чөйрөдө талкуулоо үчүн жыйындар залына киришкени кошумчаланды.

Эске салсак, Садыр Жапаров Тажикстанга ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышуу үчүн барган.


sputnik