Эртең Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга сабак өтөт

14 сентября 2021 Эртең Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга сабак өтөт

Эртең, 15-сентябрда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга сабак өтөт. Бул туурасында өкмөт башчы Facebook баракчасы аркылуу маалымдады.

"Мекендешибиз Ахрор Иминов белгилегендей, биринчи окуу күнү биздин балдардын эсинде сакталып калышы керек. Мектептерде салтка айланып калган "Тынчтык сабагы" деп аталган класстык сааттар өтөт. Бул күн мен Чүй облусундагы мектептердин бирине барып окуучуларга сабак өтүүнү пландап жатам. Мага да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм", — деп жазган Марипов.

Ошондой эле ал орун басарлары жана министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү да класстык сааттарды өтөрүн кошумчалады.


sputnik