Окумуштуулар сүрөтү бар айнек идиштер ден соолукка зыян экенин аныкташты

16 сентября 2021 Окумуштуулар сүрөтү бар айнек идиштер ден соолукка зыян экенин аныкташты

Плимут университетинин окумуштуулары сүрөтү жана жазуусу бар айнек идиштердин курамында коргошун менен кадмий абдан көп экенин аныкташты. Бул тууралуу “Дни.ру” басылмасы жазат.

Британиялык окумуштуулар сүрөтү бар айнек идиштердин ден соолукка абдан коркунучтуу экенин аныкташты. Мындай идиштердин курамында коркунучтуу дартка чалдыктыруучу оор металлдар бар.

Изилдөөнүн жүрүшүндө, сүрөттүн боёгу эзилип, адамдын ашказанына түшөрү аныкталды. Мындан тышкары, ак идиштерге караганда, кызыл, жашыл жана сары түстүү идиштер да адам ден соолугуна зыян. Ушуга байланыштуу, окумуштуулар жалпы элди арзан идиштерди колдонбоого чакырышат.