Дарыгерлер: түштөн кийинки уйку абдан пайдалуу

17 сентября 2021 Дарыгерлер: түштөн кийинки уйку абдан пайдалуу

Америка физиологдору күндүзгү уйку адамдын организмине пайдалуу деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу menslife.com кабарлайт.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, 30 мүнөттүк уйку күчтүн кайра калыбына келтирүүсү жана мээнин био ыргагын жакшыртуу үчүн иш алып барат. Ошондой эле, дарыгерлер дал ушул түштөн кийинки уйку пайдалуу деп эсептешет. Анткени, кыска эс алуудан кийинки иш натыйжалуу болот. Адам тез күч жыйнап, иш күнүнүн аягына чейин сергек жүрөт.

Белгилей кетсек, Сингапур фирмаларынын башчылары кызматкерлерине түштөн кийин отуз мүнөт уктап алууга уруксат берет жана ал түшкү тыныгуу деп эсептелинет. Бул көрүнүш Кытайда да калыптанган. Миллиарддаган эл жашаган өлкөдө түшкү тыныгуунун өзүн кыска жана жайкы деп бөлүп, кеминде бир жарым саат түштөнүүгө убакыт берилет. Ал эми анын жарым сааты уктоого арналат.  Ал тургай, түшкү уйку окуучулар менен студенттерге милдеттендирилген. Ошондой эле, Жапония менен АКШ компаниялары да кызматкерлерин ушул тажрыйбадан өткөрүшүүдө. Ал эми Испания менен латын америка өлкөлөрүндө “сиеста” (түшкү тыныгуу) деген түшүнүк бар. Ал эле эмес күндүн эң ысык убагында жарым күн эс алышат.