Министрлик: октябрдын соңунда жарык үчүн квитанция жаңы тариф менен чыгат

14 сентября 2021 Министрлик: октябрдын соңунда жарык үчүн квитанция жаңы тариф менен чыгат

Кыргызстандыктар октябрь айынын аягында электр энергиясы үчүн квитанцияларды жаңы тариф менен ала баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Ал электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат боюнча токтом долбоору менен эл тааныш экенин билдирип, жакын арада ага министрлер кабинети кол коерун кошумчалады.

"Биздин план боюнча документ ушул жылдын октябрь айынан тарта иштей баштайт. Демек, айдын аягында квитанцияларды жаңы тарифке ылайык ала баштайсыздар", — деди Айталиев.

Сунушталган тарифтер

"Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, эл үчүн бирдей баа — бир киловатт-сааты 1,09 сом болмок. Бирок коомдук талкуу учурунда көптөгөн сунуш-пикирлер түшүп, көпчүлүгү быйыл электр жарыгын кымбаттатпоону өтүнгөн.

Мындан улам сунуштарды эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыкты:

  • калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;
  • бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт.
  • суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот.

2022-жылдан тарта акыркы керектөөчүгө тарифтерди өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүп туруу сунушталууда.


sputnik