Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын колдогон жок

16 сентября 2021 Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын колдогон жок

Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке какты. Бул тууралуу Law360 порталы жазды.

Белгилей кетсек, 25-август күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары "Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компанинин" кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP фирмасынын адистери АКШ сотуна Кыргызстандын бийлигине санкция салуу боюнча арыз менен кайрылган. Юристтер келишим шарттары аткарылбаган ар бир күн үчүн 1 миллион доллардан талап кылышкан.

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды.

"Азырынча "автоматтык түрдө токтотуунун" шарттары бузулду деп айтууга эрте", — деди судья өз чечимин жарыялап жатып.

Маалыматка караганда, соттук процесс октябрь айында улантылат.


sputnik