Кыргызстандык ырчы Нур-Султандагы "Голос" долбооруна өттү. Видео

20 сентября 2021 Кыргызстандык ырчы Нур-Султандагы "Голос" долбооруна өттү. Видео

Долбоордун насаатчылары кыргызстандык ырчы Нуржигит Субанкуловдун үнү менен тембри өзгөчө экенин белгилешкен.

Субанкулов Казакстандын "Голос" теледолбоорунун кийинки этабына ийгиликтүү өттү. Адатта насаатчылар чыгарма ырдалып бүткүчө артты карап угушат. Ырчы америкалык белгилүү "Stand by me" ("Мени менен кал") ырын аткарды.

Сахнага чыкканга чейин Нурсултан коңшу өлкөдөгү сынакка Бишкектен келгенин айтты. Ал ырдап жатканда эки насаатчы бурулуп, үнү менен тембрине баа берди. Кыргызстандык ырчы насаатчы катары өзүнө ырчы Батырхан Маликовду (Alem) тандап алды. Белгилей кетсек, насаатчылардын бири программанын жүрүшүндө сөзү Чыңгыз Айтматовго таандык болгон ырды аткарды.

Нуржигит Субанкулов 34 жашта, кесиби боюнча экономист, музыка жана автоунаа тюнинги менен алектенет. Буга чейин Нуржигит Россиянын "Голос" долбооруна да ийгиликтүү катышкан.


sputnik