1200 доллар сураган. Ошто эки мугалим пара алууга шектелип кармалды

14 сентября 2021 1200 доллар сураган. Ошто эки мугалим пара алууга шектелип кармалды

Балдарды мектепке жана университетке кабыл алуу үчүн ата-энесинен 1200 долларга чейин пара талап кылган деген шек менен эки мугалим кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Ош ШИИБге Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, баласын Ош мамлекеттик университетине өткөрүү үчүн окуу жайдын мугалими 1200 доллар акча талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген.

"13-сентябрда акча сураган жарандар боюнча маалыматтар такталып, ыкчам иштер жүрдү. Натыйжада талап кылынган акчанын бир бөлүгүн,  40 миң сомду алып жаткан жеринен окуу жайдын кызматкери Ө. А. кармалды. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө ал тиешелүү сумманы Ош шаарынын "Токтогул" эс алуу багына алып келип беришин айтканы маалым болду. Кармалган учурда аталган сумма шектүүнүн жанынан чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген, өз көрсөтмөсүндө арыздануучунун баласын окууга өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн 1200 доллар сураганын мойнуна алган. Ага карата Жазык кодексинин 238-беренеси ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Мындан сырткары, ушундай эле факт менен Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин мугалими У.И. кармалган. Ал баласын аталган мектепке өткөрүү үчүн барган энеден 2000 сом талап кылган.

Кармалган учурда аталган сумма мугалимдин жанынан чыккан. Шектүү үй камагына чыгарылды.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.


sputnik