Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар дүйнө чемпионатында күрөшөт

14 сентября 2021 Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар дүйнө чемпионатында күрөшөт

Ослодо өтүүчү дүйнө чемпионатында күрөшө турган Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы аныкталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) дүйнө биринчилигинде ат салышат. Мындай чечимди башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков кабыл алган.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт.

Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат. Биринчилерден болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат. Айпери Медет кызы 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова 6-октябрда күрөшөт. 

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, Олимпиаданын коло байгесинин жеңүүчүсү Мээрим Жаманазарова дүйнө чемпионатына катышарын жазган.


sputnik