Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы атаандаштары анык болду. Мелдешке катыша турган спортчулардын тизмесин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму расмий жарыялады.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт. Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат.
Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат. 62 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыздын балбан кызы 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн мелдеште жеңип алган чемпиондук титулун коргойт.
Ослодогу биринчиликке Тыныбекованын Олимпиада жана дүйнө чемпионатынын финалында кармашкан аттандаштары: япониялык Юкако Каваи жана болгариялык Мустафа Тайбе Юсейн катышпайт.
Балбан кыздардын тизмеси:
62 килограмм
- Вероника ИВАНОВА (Беларусь);
- Лаис Нуньес Оливейра (Бразилия);
- Анна Пол Годинес Гонзал (Канада);
- Луиза Хелга Герда Нимеш (Германия);
- Сангит Сангит (Индия);
- Нонока Озаки (Япония);
- Аяулым Касымова (Казакстан);
- Винрозе Аливиса (Кения);
- Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан);
- Хва Юнг Сен (Корея);
- Алехандра Ромеро Бонилла (Мексика)
- Болортуа Хурелхуу (Монголия)
- Виктория Мириам Оеверби (Норвегия);
- Катажина Мадровская (Польша);
- Алина Касабиева (Россия);
- Нилукши Надеша Переру Голамбейж (Шри-Ланка);
- Жансу Аксой (Түркия);
- Илона Прокопевнюк (Украина);
- Кайла Миракл (АКШ).