Жанылыктар

Чек ара чыры: каза болгон адам тууралуу эмне белгилүү

Чек арада октон жаракат алып каза болгон жаран 1985-жылы туулган Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

29 апреля 2021
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандар 46 кишиге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 46 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

29 апреля 2021
Чек арада жарадар болгондор 11ге жетип, Бишкек, Оштон медиктер жөнөтүлдү
Чек арада жарадар болгондор 11ге жетип, Бишкек, Оштон медиктер жөнөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

29 апреля 2021
УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү
УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди.

29 апреля 2021
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы кеткени белгилүү болду
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы кеткени белгилүү болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени белгилүү болду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

29 апреля 2021
Курманкул Зулушев Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды
Курманкул Зулушев Сыймык Жапыкеевдин отставкасын кабыл алды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызына башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

29 апреля 2021
Суваналиев Согдинин башчысы менен сүйлөштү. Бийлик элди тароого чакырып жатат
Суваналиев Согдинин башчысы менен сүйлөштү. Бийлик элди тароого чакырып жатат

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

29 апреля 2021
Чек ара чыры: тургундар Жапаров, Ташиев, Мариповдун келишин талап кылууда
Чек ара чыры: тургундар Жапаров, Ташиев, Мариповдун келишин талап кылууда

Жергиликтүүү тургундар Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгон жерге бийлик башчыларынын келишин талап кылууда. Бул туурасында Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Мухтарали Халмурзаев билдирди.

29 апреля 2021
Министр Бейшеналиев: менден өткөн мыкты адис табылса креслону бошотуп берем
Министр Бейшеналиев: менден өткөн мыкты адис табылса креслону бошотуп берем

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнөн өткөн мыкты адис табылса ага креслосун бошотуп берерин билдирди.

29 апреля 2021
Жети адам жаракат алды. Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы
Жети адам жаракат алды. Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы

Чек арадагы жаңжал учурунда Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын жети тургуну жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына таянуу менен жазды.

29 апреля 2021
Согди губернаторун Исфара акими укпай койгон. Баткендин башчысы Суваналиев үн катты
Согди губернаторун Исфара акими укпай койгон. Баткендин башчысы Суваналиев үн катты

Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.

29 апреля 2021
Чыр чыккан айылдагы эл көчүрүлүүдө, Баткен — Исфана жолу жабылды
Чыр чыккан айылдагы эл көчүрүлүүдө, Баткен — Исфана жолу жабылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта жашаган тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

29 апреля 2021
Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими кирди. Учурда абал кандай
Баткендин үч айылына өзгөчө кырдаал режими кирди. Учурда абал кандай

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

29 апреля 2021
Тумшугуна эч нерсе илинбей. Олжосунан ажыраган арстандын видеосу
Тумшугуна эч нерсе илинбей. Олжосунан ажыраган арстандын видеосу

Автожолдо күн чубактап жайылып жаткан гиена тукумундагы иттердин арстанды көргөндө жайыла качып, жырткычтын олжосуз калган видеосу интернетке тарады.

29 апреля 2021
Казакстанда үч айда 800дөн ашык киши жанын кыйды, көбү эркектер
Казакстанда үч айда 800дөн ашык киши жанын кыйды, көбү эркектер

Казакстанда быйылкы жылдын баштапкы үч айында 834 киши өз жанын кайды. Алардын 80 пайызга жакыны, тагыраагы, 659у эркектер. Бул тууралуу Укуктун статистика боюнча комитеттин отчетуна таянып Sputnik Казакстан жазды.

29 апреля 2021
Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу
Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу

Төшөк кумары стресс менен күрөшүүгө жардам берип, иммунитетти бекемдейт. Бул тууралуу психолог-сексолог Анна Котеневанын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

29 апреля 2021
Вакцинага кезек көбөйүп, кошумча эмдөө пунктулары ачылды
Вакцинага кезек көбөйүп, кошумча эмдөө пунктулары ачылды

Бишкекте Россиянын "Спутник V" вакцинасы пайдаланылып жаткан эмдөө пунктуларында кезек пайда болгондуктан кошумча пунктулар ачылды. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалымдады.

29 апреля 2021
Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү. Парламент токтом кабыл алды
Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү. Парламент токтом кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.

29 апреля 2021
Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет
Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

29 апреля 2021
Ок тийген адамдын абалы оор. Чек ара чырында 4 кыргызстандык жаракат алды
Ок тийген адамдын абалы оор. Чек ара чырында 4 кыргызстандык жаракат алды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

29 апреля 2021
Баткенде аскер бөлүк аткыланып, Көк-Таш айылынын тургунуна ок тийди
Баткенде аскер бөлүк аткыланып, Көк-Таш айылынын тургунуна ок тийди

Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургунга ок тийди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

29 апреля 2021
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал таңга маал курчуп кетти
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал таңга маал курчуп кетти

Бүгүн таңга маал, болжол менен саат 4.40та, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою аймагында абал курчуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы кабарлады.

29 апреля 2021
Бишкекте 14 кабаттуу үйдү салууга уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталды
Бишкекте 14 кабаттуу үйдү салууга уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталды

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы курулуш тармагынан мыйзам бузуу фактысын таап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

28 апреля 2021
Депутат: өкмөт 50 млн. доллар грантты албай жатат, эки күндөн кийин кол жууйт
Депутат: өкмөт 50 млн. доллар грантты албай жатат, эки күндөн кийин кол жууйт

Кыргыз өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар грантын албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков билдирди.

28 апреля 2021
Сыймык Жапыкеев прокурорлук кызматтан кетүү боюнча арыз жазды
Сыймык Жапыкеев прокурорлук кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

28 апреля 2021
Өзбекстанда туугандардын үйлөнүп алышына бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлдү
Өзбекстанда туугандардын үйлөнүп алышына бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлдү

Өзбекстандын айыл жерлеринде туугандар арасында үйлөнүп алгандардын саны жалпы никелердин 20-25 пайызын түзүүдө. Бул боюнча Аялдардын республикалык кеңешинде сөз болгонун Sputnik Өзбекстан жазды.

28 апреля 2021
Асманда жүрбөй отчётун берсин. Министр Бейшеналиев парламентке чакырылды
Асманда жүрбөй отчётун берсин. Министр Бейшеналиев парламентке чакырылды

Депутаттар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентке келбей жатканын сындап, бүгүн да эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берүүгө чакырышты.

28 апреля 2021
Пекин Нью-Йорктон ашып миллиардерлердин ордосуна айланды
Пекин Нью-Йорктон ашып миллиардерлердин ордосуна айланды

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Пекинде миллиардерлердин саны 100гө жетип, Нью-Йорктон (99) ашты. Бул тууралуу Forbes журналы маалымдады.

28 апреля 2021
Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу
Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу

Американын Майами шаарында учакка орун таппай калган жүргүнчүлөр аэропортто массалык мушташ чыгарган. Бул тууралуу CBS Chicago басылмасы жазды.

28 апреля 2021
Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек
Жашоо начарлап кетсе эмне болот? Бүк түшүп калбай эмнеге даяр болуш керек

Бул макала сизди кооптондуруу, бүлүк түшүргөн сезимдерди жаратуу үчүн жазылган жери жок. Чубалган цифралар да, ар кандай эксперттердин пикири да камтылбады. Автор тек гана кырдаалга баам салып, көмөк көрсөтүүнүн жолун издеген.

28 апреля 2021
Садыр Жапаров казино ачууга бир шарт менен каршы чыгарын айтты
Садыр Жапаров казино ачууга бир шарт менен каршы чыгарын айтты

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн аймагына туристтик көңүл ачуучу жайы менен казино куруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн кеңейтилген талкуу аянтчасын уюштурууну сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

28 апреля 2021
Россияда ар бир мигрантка QR-код ыйгаруу сунушталып жатат. Максаты
Россияда ар бир мигрантка QR-код ыйгаруу сунушталып жатат. Максаты

Бул сунуш Россиянын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын алкагында өкмөттө жана адистер арасында кеңири талкууланып жатат.

28 апреля 2021
Жапаров: электр кубатына тарифти өзгөртпөсөк тезек терген жашоого кайтабыз
Жапаров: электр кубатына тарифти өзгөртпөсөк тезек терген жашоого кайтабыз

Электр энергиясынын тарифин өзгөртпөсөк кийинки жылы тезек терип, чырак жаккан жашоого кайтабыз. Бул туурасында президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.

27 апреля 2021
40тан ашкан аялдар кандай тамактанышы шарт? Керектүү азыктардын тизмеси
40тан ашкан аялдар кандай тамактанышы шарт? Керектүү азыктардын тизмеси

40 жаштан ашканда адамдын организминде кээ бир физиологиялык процесстер алмашып, ал салмактын өзгөрүүсүнө таасир этиши ыктымал. Мындан улам диетолог Елена Кален бул курактагыларга керектүү азыктардын тизмесин түзүп бергенин РИА Новости жазды.

27 апреля 2021