Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал таңга маал курчуп кетти

29 апреля 2021 Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал таңга маал курчуп кетти

Бүгүн таңга маал, болжол менен саат 4.40та, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою аймагында абал курчуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматта кырдаалдын начарлашына кыргызстандыктарды жана алардын үйлөрүн ташка алган Тажикстан жарандарынын аракети себеп болгону айтылат.

"Кийинчерээк тажик тарап жолдон өткөн кыргызстандыктардын автоунааларын көздөй ок чыгара баштаган. Алдын ала маалымат боюнча, кыргызстандыктардын арасында жабыр тарткандар бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Чек ара кызматы Тажикстандын тийиштүү ведомство жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болбогонун кошумчалады.

Чырдын чоо-жайы

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы мамыларга видеокөзөмөл орнотууну чечкенден соң башталган.

Электр чубалгылары тартылган мамылар суу ресурстары боюнча райондук башкармалыкка тиешелүү жана "Головной" деп аталган суу таратуучу пункттун аймагына жарык берүү үчүн орнотулган. Жерине Кыргызстандын аскерлери барып, эки тараптан тең эл чогулган болчу.


sputnik