Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы курулуш тармагынан мыйзам бузуу фактысын таап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек башкы архитектура" ишканасы көп кабаттуу үйлөрдү кургандардын уруксат кагаздарын жана долбоорлоо документтерин текшерип чыккан.
"Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин, "Бишкек башкы архитектура" ишканасы жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын тийиштүү өкүлдөрү кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган. Алар "ГГ" курулуш компаниясы менен алдын ала сүйлөшүп алып, долбоорлоо документтерин мыйзамсыз беришкен. Кийин 14 кабаттуу үй курууга уруксат берилген", — деп айтылат маалыматта.
Сөз болуп жаткан үй курулган-курулбаганы, анын дареги тууралуу Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылган эмес.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320 — "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана 329-беренелери "Кызматтык жасалмалуулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.