Пекин Нью-Йорктон ашып миллиардерлердин ордосуна айланды

28 апреля 2021 Пекин Нью-Йорктон ашып миллиардерлердин ордосуна айланды

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Пекинде миллиардерлердин саны 100гө жетип, Нью-Йорктон (99) ашты. Бул тууралуу Forbes журналы маалымдады.

Мындай жол менен Пекин биринчи ирет дүйнөдө миллиардерлердин борбору болду.

Бир жыл ичинде Кытайдагы шаарда 33 миллиардер пайда болсо, Нью-Йоркто жети жаңы бай кошулган. Белгилей кетсек, Пекинде Нью-Йоркко салыштырмалуу 2,5 эсеге көп 21 миллион адам жашайт. Ал эми АКШдагы шаарда 8,4 миллион гана киши бар.

Пекиндеги эң бай адам — Чжен Иминь. Ал TikTok соцтармагына ээлик кылган ByteDance компаниясынын негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35,6 миллиард доллар деп бааланган. Нью-Йорктун эң байы экс-мэр жана ишкер Майкл Блумберг. Мал-мүлкү 59 миллиард долларды түзөт.

Жалпысынан алганда Кытайга салыштырмалуу АКШда миллиардерлер көп экени айтылды. Кошмо Штаттарда 724 миллиардер болсо, Кытай 698 миллиардери менен экинчи орунга чыккан. Үчүнчү орунда Индия (140), андан кийин Германия (136) жана Россия (117) турат.

Акыркы жылдары Кытайда байлыгы ашып-ташыгандардын саны тездик менен өсүүдө. Өткөн жылы өлкөдө жаңы 210 миллиардер пайда болгон.


sputnik