Өзбекстанда туугандардын үйлөнүп алышына бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлдү

28 апреля 2021 Өзбекстанда туугандардын үйлөнүп алышына бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлдү

Өзбекстандын айыл жерлеринде туугандар арасында үйлөнүп алгандардын саны жалпы никелердин 20-25 пайызын түзүүдө. Бул боюнча Аялдардын республикалык кеңешинде сөз болгонун Sputnik Өзбекстан жазды.

"Туугандар ортосунда кыйылган нике боюнча тынчсызданууга негиз бар. Бул нерсе келечек муундун саламаттыгына терс таасир этип, кесепети оор болору белгилүү. Айыл жери эле дейли десек, учурда шаар тургундарынын арасында деле өмүрлүк жар катары туугандарынын арасынан тандагандар 10 пайызга жетүүдө", — деп айтышты Аялдар кеңешинин катышуучулары.

Ошондой эле мындай көрүнүш үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча айтылбай, билинбей калышына себеп болуп жатканы белгиленди.

Аялдар кеңеши жыйында туугандар арасындагы никени жана үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыкканы кошумчаланды.


sputnik