УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, облустук администрациянын алдына чогулган эл менен жолукту.
30 апреля 2021Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам канча имарат өрттөнгөнү тууралуу билдирүү таратты.
30 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандын атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын үч аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
30 апреля 2021Тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алып алышты. Кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
30 апреля 2021Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан каза болгон офицердин сөөгү Бишкекке жеткирилип, Ат-Башыга жөнөтүлдү. Бул тууралуу маркумдун досу билдирди.
30 апреля 2021Баткен облустук администрациясынын алдында биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев чогулган эл менен жолукту.
30 апреля 2021Россиядагы Сургут мунай техникуму Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүн такай жана сырттан окуу формасына тапшырууга чакырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
30 апреля 2021Баткендеги айрым айылдарды тажиктер басып алды деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңеши кабарлады.
30 апреля 2021Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 07:50гө берген маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 134 кишинин 13ү көз жумду.
30 апреля 2021Чек арада октон жаракат алып каза болгон жаран 1985-жылы туулган Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
29 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 46 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
29 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
29 апреля 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди.
29 апреля 2021Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени белгилүү болду. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
29 апреля 2021Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызына башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
29 апреля 2021Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.
29 апреля 2021Жергиликтүүү тургундар Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болгон жерге бийлик башчыларынын келишин талап кылууда. Бул туурасында Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Мухтарали Халмурзаев билдирди.
29 апреля 2021Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнөн өткөн мыкты адис табылса ага креслосун бошотуп берерин билдирди.
29 апреля 2021Чек арадагы жаңжал учурунда Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын жети тургуну жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына таянуу менен жазды.
29 апреля 2021Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Бул маалыматтарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымды укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев айтты.
29 апреля 2021Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта жашаган тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
29 апреля 2021Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
29 апреля 2021Автожолдо күн чубактап жайылып жаткан гиена тукумундагы иттердин арстанды көргөндө жайыла качып, жырткычтын олжосуз калган видеосу интернетке тарады.
29 апреля 2021Казакстанда быйылкы жылдын баштапкы үч айында 834 киши өз жанын кайды. Алардын 80 пайызга жакыны, тагыраагы, 659у эркектер. Бул тууралуу Укуктун статистика боюнча комитеттин отчетуна таянып Sputnik Казакстан жазды.
29 апреля 2021Төшөк кумары стресс менен күрөшүүгө жардам берип, иммунитетти бекемдейт. Бул тууралуу психолог-сексолог Анна Котеневанын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.
29 апреля 2021Бишкекте Россиянын "Спутник V" вакцинасы пайдаланылып жаткан эмдөө пунктуларында кезек пайда болгондуктан кошумча пунктулар ачылды. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маалымдады.
29 апреля 2021Жогорку Кеңештин депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.
29 апреля 2021Мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
29 апреля 2021Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
29 апреля 2021Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургунга ок тийди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
29 апреля 2021Бүгүн таңга маал, болжол менен саат 4.40та, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою аймагында абал курчуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы кабарлады.
29 апреля 2021Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы курулуш тармагынан мыйзам бузуу фактысын таап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
28 апреля 2021Кыргыз өкмөтү БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун 50 миллион доллар грантын албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков билдирди.
28 апреля 2021Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
28 апреля 2021