Россия Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына "үчүнчү өлкөлөрдөн" учуп келүүгө уруксат берди

2 мая 2021 Россия Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына "үчүнчү өлкөлөрдөн" учуп келүүгө уруксат берди

Россия Борбор Азия мамлекеттеринин дээрлик баарынын (Түркмөнстандан башка) жарандарына, алардын жараны болгон бир мамлекеттен эмес, "үчүнчү" өлкөлөрдөн үзгүлтүксүз учуулары менен келүүсүнө уруксат берди. 16-апрелде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн No963-р буйругу күчүнө кирди (скриншотту караңыз). Ал министрлер кабинетинин 2020-жылдын 1-мартындагы No 635-р буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Документтин жаңы редакциясында N1 тиркемеде көрсөтүлгөн мамлекеттердин жарандары, ошондой эле анда жашап турууга уруксаты бар адамдар ушул мамлекеттердин кайсынысынан болбосун аба бекеттери аркылуу Россияга кире алаары көрсөтүлгөн.

Булар төмөнкү өлкөлөр: Улуу Британия, Танзания, Түркия, Швейцария, Египет, Мальдив аралдары, БАЭ, Казакстан, Кыргызстан, Корея Республикасы, Куба, Сербия, Япония, Сейшел аралдары, Эфиопия, Вьетнам, Индия, Катар, Финляндия, Азербайжан, Армения , Греция, Сингапур, Венесуэла, Германия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Шри-Ланка.

Жогоруда аталган мамлекеттерден Россияга кирүүгө Беларусь Республикасынын жарандары жана анда жашап турууга уруксаты бар адамдар үчүн дагы уруксат берилет.

mediaplov