Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
12 мая 2021Бишкектин эски аянтында майрамдык айт намаз окулбай турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
12 мая 2021Татарстандын Казань шаарындагы мектептен жети окуучу менен бир мугалим аял каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Татарстандын президентинин маалымат кызматына таянып кабарлады.
12 мая 2021Компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман 12-майда эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
12 мая 2021Улгайган убакта жалгыз пенсия менен жашоону каалагандар аздыр. Ошондуктан эксперттер пенсияны гана күтпөй, пассивдүү киреше алып келип, көнүп калган жашоону улантууга мүмкүнчүлүк берчү акча топтоого кеңеш беришет.
12 мая 2021Дал ошол сот иштери али күнгө чейин аягына чыга элек. Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот жакында эле Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
11 мая 2021Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
11 мая 2021Кыргызстандык ММА мушкери Чыңгыз Жамалдин уулу (4-0) Россияда өткөн мелдеште атаандашын 15 секундада жыга чапты. Бул тууралуу кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер жазып, нокауттун видеосун чыгарышты.
11 мая 2021АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок деп эсептейт. Бул тууралуу Атлантика кеңешинин онлайн-семинарында сүйлөп жатып мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник билдирди.
11 мая 2021Кыргызстанда Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.
11 мая 2021Футболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбазанын мамысы кыйшайып калган.
11 мая 2021Бардык адамдарга бир гана суюктукту ачкарын ичүүгө болот, ал эми калгандарына абайлап мамиле кылуу керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, врач-диетолог Михаил Гинзбург айтып берген.
11 мая 2021Сомго болгон талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу улуттук валютанын баасы долларга карата бекемделе баштады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
11 мая 2021"Кечке жуук болду, саат 20:00дөн кийин ооз ачар болоюн деп калган. Ооз ачышка жетишпей калдык. Жалын ичинен да, үстүнөн дагы чыгып жатты. Өчүрөйүн деп кирип ууланып калдым, Шухрат кошунам "кирбеңиз" деп колумдан тартып алып чыкты", — деди Турсунбаев.
11 мая 2021Өзбекстандын Коргоо министрлиги Wall Street Journal гезитинин АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчтөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырышы мүмкүн деген билдирүүгө комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
11 мая 2021Жогорку Кеңештин сайты аркылуу "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
11 мая 2021Төкмөлүктү, обончулукту, дастанчылыкты аркалаган таланттын көзү тирүү болгондо быйыл 89 жашка толмок. Залкар инсан жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
11 мая 2021Бүгүн, 10-майда, Россия тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
11 мая 2021Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфирлеринде жаңырган, бирок сый акысын албай калган автор, аткаруучуларды издеп жатканын маалымдады.
11 мая 2021Жалал-Абаддагы "Акыйкаттык" укук коргоочу уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаеванын айтымында, кыргыз жарандарын Тажикстандын аскерлери уурдап кетип, аларды сабап кыйнаган. Барымтадагыларды Тажикстандын Гафуров районундагы милиция бөлүмүндөгүлөр ур-токмокко алышкан.
10 мая 2021Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканын пайыздык коюмун азайтып, баштапкы төлөмдү алып салуу сунушталды.
10 мая 2021Бирок Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам "Импорттолгон товарларга киреше салыгы" белгиси менен башка эсепке которушкан жана белгиленген ЖЧКга жасалма төлөм кагазын беришкен.
10 мая 2021Индияда COVID-19 күч алгандан бери мукормикоз илдетине кабылгандардын саны дагы өсө баштады. Бул тууралуу India Today Медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгына таянып жазды.
10 мая 2021АКШ бийлиги Афганистандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азияга, тактап айтканда, Өзбекстанга же Тажикстанга жайгаштырууну караштырып жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымат булагы жазып чыкты.
10 мая 2021Ош шаарында 5-9-майда Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
10 мая 2021Жөн эле акчаны кетирген жана ашыкча жасалган ден соолук процедуралары тууралуу "Прайм" телеканалына эксперттик медицина клиникасынын башкы дарыгери Олег Серебрянский айтып берди.
10 мая 2021Бишкектин мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаздын Эски аянтта окулушун чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
10 мая 2021Бир катар валюталардын сомго карата наркы түшүп, алтындын баасы, тескерисинче, көтөрүлдү. Күйүүчү май мурдагы эле баада сатылууда.
10 мая 2021Кышында топтогон ашыкча салмакты өтө кыйналбай жеңил көнүгүүлөр менен кетирсе болот. Бул туурасында диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди.
10 мая 2021Кээ бир жаныбарлардын абдан акылдуу жана сезимтал экенин адам баласы айтып эле келет. Ал эми төмөнкү видео ал сөздү дагы бир ирет далилдеп берген.
10 мая 2021"Педагогдордун эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө" системасы ишке кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
10 мая 2021Британиялык British Heart Foundation уюмунун адистери канда жаман холестериндердин ашыкча көбөйүп кетиши инсультка кептээрин эскертишкен. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.
10 мая 2021Ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов Тажикстандын Согди облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен Исфара ШИИБдин башчысы Фердаус Шамадзаде менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
10 мая 2021Баткенде чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын үй-бүлөсү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
10 мая 2021