Айт намаздын Бишкекте окулушу боюнча мэрия пикирин билдирди

10 мая 2021 Айт намаздын Бишкекте окулушу боюнча мэрия пикирин билдирди

Бишкектин мэриясы борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаздын Эски аянтта окулушун чектөөнү сунуштады. Бул туурасында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, эпидемиологиялык абал учурда кыйын болуп турат, андыктан жума намазды да мечиттерде чогулуп окууга тыюу салуу сунушу бар. Рыскулбекова жалпысынан эле эл көп санда чогулган иш-чараларга абал турукташмайын чектөө коюу керектигин билдирди. Акыркы статистиканы эске салсак, Бишкекте 195 адамдан коронавирус чыкты.

Буга чейин муфтият Орозо айт 13-майга туш келерин айтып, адаттагыдай айт намаздын Эски аянттан окулар-окулбасын так билдирген эмес.


sputnik