Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканын пайыздык коюмун азайтып, баштапкы төлөмдү алып салуу сунушталды.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев даярдаган. Ага ылайык, базалык пайыздык коюмун 10 пайызга чейин кыскартып, коэффициентти жана баштапкы төлөмдүн талабын алып салуу сунушталууда.
Долбоордун түшүндүрмөсүнө караганда, "Мамлекеттик ипотекалык компания" буга чейин ипотеканы баштапкы төлөмдүн суммасына жараша 12-14 пайыз (жылдык) менен берип келген. Азыркы тапта бул 6-8 пайызды түзөт. Эми муну төрт пайызга төмөндөтүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун автору пайыздык өлчөмдү төмөндөтүү жана мамлекеттик ипотекалык насыялоо механизмин трансформациялоо өлкөдөгү турак жайдын жеткиликтүүлүгүн бир кыйла жогорулатарын белгиледи. Ал муну менен мурда мамлекеттик ипотекалык насыя алган жарандардын жүгү жеңилдей турганын кошумчалаган.
"Насыянын жылдык өлчөмү 7 пайыздан 4 пайызга төмөндөгөн учурда ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр бир нече миң сомго азаят. Жылдык төрт пайыздык өлчөм КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң төмөнкүсү болмокчу", — деп жазылган долбоордо.
Мындан сырткары, баштапкы төлөмдү дагы жокко чыгаруу сунушталган. Бул өз учурунда топтогон акчасы жок жарандарга үй алууга шарт түзмөкчү.