Гол киргизип, токтоно албай дарбазаны да бузуп кеткен футболчу. Видео

11 мая 2021 Гол киргизип, токтоно албай дарбазаны да бузуп кеткен футболчу. Видео

Футболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбазанын мамысы кыйшайып калган.

Швециянын "Мьельбю" клубунун чабуулчусу Якоб Бергстрем "Эстерсунд" клубуна гол киргизип, атаандаштын дарбазасын да бузуп кетти. Бул тууралуу telegraf.com.ua маалымат булагы жазды.

Өлкө чемпионатынын 5-турунун алкагындагы беттештин 38-мүнөтүндө чабуулчу капталдан чыгарылган топту башы менен сүзүп голго айланткан. Катуу күү менен келген оюнчу өзүн токтото албай дарбаза мамысына урунган. Футболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбаза мамысы кыйшайып калган.

Кызыктуу окуя менен коштолгон бу гол "Мьельбю" үчүн беттештеги жалгыз жана жеңүүчү гол болгон.

"Мьельбю" чемпионатта тогузунчу орунда, ал эми "Эстерсунд" 12-сапта келе жатат.


sputnik