Дарыгер акча соргон, пайдасынан зыяны көп процедураларды атап берди

10 мая 2021 Дарыгер акча соргон, пайдасынан зыяны көп процедураларды атап берди

Жөн эле акчаны кетирген жана ашыкча жасалган ден соолук процедуралары тууралуу "Прайм" телеканалына эксперттик медицина клиникасынын башкы дарыгери Олег Серебрянский айтып берди.

Маселен, отоларингологдор мурунду деңиз тузу менен жууганга кеңеш беришет. Андан даярдалган препарат дарыканада кымбат, сасык тумоо күч алганда табуу да кыйын.

"Деңиз тузунан жасалган дарынын деле пайдасы бар. Бирок мурунду кадимки туздуу суу жана физиологиялык аралашма менен жуугандын эч айырмасы жок, натыйжасы ошондой эле болот. Бирок мурун көңдөйүн кечке эле жууй бербегиле. Аралашмалар табигый микрофлораларды кетирип, былжыр челдерге зыянын тийгизет. Көп учурда бул аллергиялык ринитке алып келет", — деген дарыгер.

Ошондой эле физиотерапиялык процедуралар сакайтат деген илимий тастыктама жок. Аны негизги процедура менен чогуу же андан кийин сунуштап жүрүшөт. Физиопроцедура адистин көзөмөлүндө жасалса зыян эмес, бирок чоң пайда күтүп деле кереги жок.

Андан сырткары, курч кармаган респиратордук-вирустук инфекция маалында медиктер толгон-токой витамин менен биологиялык активдүү кошулмаларды жазып берет. Бирок туура тамактанып, пайдалуу азыктарды жеген кишиге алардын кереги деле жок.

Мындан тышкары, дарыгерлер суук тийген адамга антибиотик жазып туура эмес кыларын кошумчалаган. Ал билдиргендей, антибиотик — күчтүү препарат, аны ичкендердин организми дарыны тоготпой калат.


sputnik