Канда холестерин көп экенин кантип билсе болот? Белгилери

10 мая 2021 Канда холестерин көп экенин кантип билсе болот? Белгилери

Британиялык British Heart Foundation уюмунун адистери канда жаман холестериндердин ашыкча көбөйүп кетиши инсультка кептээрин эскертишкен. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.

Окумуштуулардын материалында жазылгандай, канда холестерин көбөйгөндө мээнин кан айлануусу жайлап, ал тургай токтоп калат. Мындан улам адам инсульт болот. "Кан тамыр түтүк сыяктуу, холестерин көп болгон учурда ал түтүктү жаап салып, жыйынтыгында кычкылтек, азыктандыруучу заттар жүрөккө жетпей калат. Мунун кесепетинен аталган орган приступ болот", — деп айтылат маалыматта.

Медиктердин айтымында, канда холестерин көбөйүп кеткенде көкүрөк тушу, буту-колдун учтары ооруй баштайт. Мындан сырткары, адамдын аң-сезими ар нерсени чаташтыра баштайт. Мунун себеби мээге кан жетпей калгандыгында. Муундардын оорушу, дем алуунун кыйындашы, чарчоо да канда холестерин ашыкча экенинен кабар берет.

Буга чейин адис, дарыгерлер канда холестеринди кумшекер, майлуу, куурулган, камыр тамактар көбөйтө турганын айтышкан.


sputnik