Барымтага алынган кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүүдө. Сүрөт

10 мая 2021 Барымтага алынган кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүүдө. Сүрөт

Тажикстандын аймагында барымтага алынып, кийин кое берилген кыргызстандыктар боюнча Стамбул протоколу түзүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда эксперттер жарандардын денесиндеги тактарды карап, документке киргизип жатышат. Медициналык кароо жана документтештирүү Стамбул протоколунун принциптери (кыйноо жана башка адамгерчиликсиз аракеттерди документтештирүү) менен жүргүзүлүүдө.

"Айылдыктардын абалы жакшы эмес. Ачылып сүйлөшө албай жатышат. Кризис кете элек экени сезилип турат. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби алардын жеке каалоосу болмоюнча биз Стамбул протоколун толтурууга адистерди чакырта албайбыз", — деди Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков.

Жалал-Абаддагы "Акыйкаттык" укук коргоочу уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаеванын айтымында, кыргыз жарандарын Тажикстандын аскерлери уурдап кетип, аларды сабап кыйнаган. Барымтадагыларды Тажикстандын Гафуров районундагы милиция бөлүмүндөгүлөр ур-токмокко алышкан.

"Айылдыктарды уруп-тепкилеп, автомат менен башка-көзгө чапкылашкан. Мындай аракет эки сутка бою уланган. Кийин тажик тилиндеги документке кол койдуруп алышыптыр. Барымтадагылардын бири алардын тилин түшүнөт экен. Кагазда алар чек ара эрежесин бузгандыгы жөнүндө жазылганын айтты. Бирок чындыгында жарандарды Тажикстандын аймагына өздөрү күч менен алып кетишкен", — деди Абдуллаев.

Барымтадагы 10 адамдын бешөө кыргыз, бешөө өзбек этносундагы адамдар болгон.

"Стамбул протоколу толтурулгандан кийин документтерди БУУнун кыйноолорду алдын алуу боюнча комитетине өткөрүп беребиз жана бул жарандардын коопсуздугу менен ден соолугуна кам көрүүнү суранабыз", — деди Рысбеков.

Улуттук борбордун жетекчиси Стамбул протоколун толтуруу үчүн эл аралык деңгээлдеги эксперт Бермет Барыктабасова тартылганын кошумчалады.


sputnik