15 секундада жыга чапты. РФте машыккан Чыңгыз Жамалдин уулунун жеңиши. Видео

11 мая 2021 15 секундада жыга чапты. РФте машыккан Чыңгыз Жамалдин уулунун жеңиши. Видео

Кыргызстандык ММА мушкери Чыңгыз Жамалдин уулу (4-0) Россияда өткөн мелдеште атаандашын 15 секундада жыга чапты. Бул тууралуу кыргызстандык бир катар спорттук пабликтер жазып, нокауттун видеосун чыгарышты.

ВИДЕО

Жамалдин уулу Владивосток шаарындагы "Молот" спорттук клубунун атынан чыккан. Ал беттештин биринчи раундунун 15-секундунда эле атаандашы Долматты ээк тушка уруп, нокаутка кетирген. Муну менен Чыңгыз ММА спортундагы көрсөткүчүн төрт жеңишке жеткирди. Жеңиле элек.


sputnik