Иттин ыйлаган баланы соороткон видеосу

10 мая 2021 Иттин ыйлаган баланы соороткон видеосу

Кээ бир жаныбарлардын абдан акылдуу жана сезимтал экенин адам баласы айтып эле келет. Ал эми төмөнкү видео ал сөздү дагы бир ирет далилдеп берген.

ВИДЕО

Ымыркайдын энеси чүрпөсү ыйлап баштаганда үйүндөгү ити кантип сооротконун видеого тартып алган.

​Кадрдан диванда жаткан бөбөктүн ыйлаганын, бирок анын жанындагы ит кайдыгер карап жата бербей, баланы алаксытып сооротууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Ымыркай менен кошо ит башын жогору карай созуп алып, жарыша үнүн чыгарып, ырдагандай дейбизби, айтор аракетин кылган. Алгач капыстан чыккан үндү уккан бөбөк итти карап, саамга токтой калып, бирок "ишин" кайра уланткан. Бирок ит баланын ыйына карабастан, үнүн андан катуураак чыгарып, акыры кичинекейди соороткон.

Социалдык тармакка видеону жарыялаган энеси үйдөгү иштер, тамак-аш бышыруу менен алек болуп, баласына колу жетпей жатканда итинин жардамга келгенин жазган.


sputnik