Татарстандын бийлиги мектептеги ок атуудан канча окуучу көз жумганын тактады

12 мая 2021 Татарстандын бийлиги мектептеги ок атуудан канча окуучу көз жумганын тактады

Татарстандын Казань шаарындагы мектептен жети окуучу менен бир мугалим аял каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Татарстандын президентинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Террорчулукка каршы күрөшүү улуттук комитетинин маалыматына караганда, окуянын кесепетинен көз жумгандардан тышкары 20 окуучу жабыркаган.

Буга чейин республиканын башчысы Рустам Минниханов 8-класстагы төрт бала жана үч кыз көз жумганын билдирген. Ал эми ЖМКлар 11 адам өлгөнүн, алардын ичинде терезеден секирип кеткен эки окуучу бар экенин жазышкан.

Минниханов мектеп окуучуларын көздөй окту 19 жаштагы бала чыгарганын, курал анын өзүнө катталганын айтты. Шектүү кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, шериги болгон эмес. Ага карата комплекстик психологиялык жана психиатриялык экспертиза дайындалды.

Шаршемби, 12-май, Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. 


sputnik