Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу

29 апреля 2021 Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу

Төшөк кумары стресс менен күрөшүүгө жардам берип, иммунитетти бекемдейт. Бул тууралуу психолог-сексолог Анна Котеневанын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады.

"Дене кумарына батып жаткан учурда адамга ырахат тартуулай турган гормондун баары бөлүнүп чыгат. Жыйынтыгында иммундук система да бекемделет. Ар бир гормон стресске каршы багытталган. Ошол себептен адам дене кумарына батып турушу шарт", — деди адис.

Сексолог адамдын дене табы көтөрүлүп турган убакта жыныстык катнашка барууну сунуштаган эмес. Бул учурда адамга кошумча жүктүн кереги жок. Ошондой эле тумоолоп калганда дене кумарын кое туруу айтылды. Адам айыга баштаганда, ал-күчү, каалоосу пайда болгондо гана өнөктөшүнө зыян келтирбей ырахатка батышы кажет.



sputnik