Чыр чыккан айылдагы эл көчүрүлүүдө, Баткен — Исфана жолу жабылды

29 апреля 2021 Чыр чыккан айылдагы эл көчүрүлүүдө, Баткен — Исфана жолу жабылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан аймакта жашаган тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиевдин буйругу менен кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн. Ош — Баткен — Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.

Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.


sputnik