Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу

28 апреля 2021 Шымы шыпырылганына карабай... Жүргүнчүлөрдүн мушташкан видеосу

Американын Майами шаарында учакка орун таппай калган жүргүнчүлөр аэропортто массалык мушташ чыгарган. Бул тууралуу CBS Chicago басылмасы жазды.

Порталдын жазганына караганда, окуя 25-апрелде болгон. Төрт жүргүнчү American Airlines компаниясынын каттамы аркылуу Чикагого кетем деп отурган. Бирок авиакомпаниянын кызматкери үч эле орун бар экенин айтып, кийинки учакты күтүүнү же үч кишинин кете берүүсүн айткан.

Кийин милициянын билдиришинче, төрт кишиден турган белгисиз топ берки үч саякатчы менен мушташа кеткен.

ВИДЕО

Окуянын күбөлөрү тарткан видеодон жети кишинин бири-бирин койгулап, кээси эки-экиден болуп урушуп, жерге жыгылгандарын башкалары тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Башка жүргүнчүлөр аларды ажыратууга аракет кылышкан.

ВИДЕО

Ал эми алардын бир катарлары шымы шыпырылганына карабай мушташканы кадрга түшүп калган.

ВИДЕО

Жабыркагандар сабап кеткендерге карата арызданган эмес. Тартип коргоочулар бир кишини кармап, качып кеткен берки үчөөнү издеп жатканы айтылды.


sputnik