Садыр Жапаров казино ачууга бир шарт менен каршы чыгарын айтты

28 апреля 2021 Садыр Жапаров казино ачууга бир шарт менен каршы чыгарын айтты

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн аймагына туристтик көңүл ачуучу жайы менен казино куруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн кеңейтилген талкуу аянтчасын уюштурууну сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Эгер коомчулук өлкө аймагына чет өлкөлүктөр үчүн казино ачууга караманча каршы чыга турган болсо, президент Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кабыл алган кезде чечимге вето коюу каралган конституциялык укугун колдонууга даяр", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп, ал 8-апрелде биринчи окууда каралып колдоо тапкан. Өлкө башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. 


sputnik