40 жаштан ашканда адамдын организминде кээ бир физиологиялык процесстер алмашып, ал салмактын өзгөрүүсүнө таасир этиши ыктымал. Мындан улам диетолог Елена Кален бул курактагыларга керектүү азыктардын тизмесин түзүп бергенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, адам 40тан ашкандан кийин катаал диетага отурбашы керек. Анткени бул учурда метаболизм жайлап, гормоналдык фон өзгөрөт. Мындан улам диетолог 40тын кырындагы жана андан өйдөлөп калган аялдарга тамакты түрлөп жегенди сунуштаган. Алар тамактануу рационуна жашылча-жемиш, балыкты кошуп, сууну көп ичиши шарт.
Кален жаш өткөн сайын аялдын организминде эстроген түшө турганын да кошумчалаган. Анын ордун толтуруп туруу үчүн алма, өрүк, анар, деңиз азыктары, балык, төө буурчак, буурчак, сельдерей чөбүн, баклажанды көп колдонуу керек.
Гормоналдык фонду калыбында кармоо үчүн адис сулу, кара буудай, күрөң күрүч, арпа акшактарын да сунуштап, тамактын көлөмү менен сапатына өзгөчө маани берүү керектигин белгилеген.