Эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланыштуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.
10 августа 2020"Бүгүнкү күндөн тарта Түркия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу каттамдарды түрктөрдүн эки, Кыргызстандын бир компаниясы аткара баштайт. Pegasus Airlines, Turkish Airlines жана Avia Traffic компаниялары аптасына эки жолудан учат", — деди Акышев.
10 августа 2020Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип РИА Новости жазды.
10 августа 2020Кыргызстандан Россияга жеткире турган жакынкы авиарейстердин графиги РФтин КРдеги элчилигинин сайтында жарыяланды.
10 августа 2020Кыргызстанда 7-августта кыз ала качуу фактысы байкалды. «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» билдиргендей, кызды Бишкектен Ысык-Көлдүн Түп районуна ала качып барышкан.
10 августа 2020"Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап көз жумду", — деп айтылат маалыматта
10 августа 2020Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору, академик Арег Тотолян коронавируска күзүндө кабылгандар буга чейин ооруп айыккандарга караганда бир топ кыйналышы мүмкүн экенин "Известия" басылмасына маек куруп жатып айтты.
10 августа 2020Кыргызстанда 258 кишиден коронавирус аныкталганын Республикалык штаб билдирди. Маалыматта 11 адам медицина кызматкери экени айтылат.
10 августа 2020Эске салсак, бүгүн Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.
10 августа 2020Бакыт Ирсалиевдин негизги долбоорлорунун бири – өзү AliExpress сервисинин кыргыз аналогу деп атап койчу сайты. Ишкер интернет соода тармагы тууралуу дээрлик баарын билет. Коронавирус пандемиясы күч алып турган маалда онлайн-сооданын сырларынан эч жашырбай бөлүшөт. Бирок Ирсалиевдин биринчи ишкерлик тажрыйбасы кыш чыгарчу завод эле.
9 августа 2020Эске салсак, 6-август күнү эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.
7 августа 2020Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.
6 августа 2020Жаңы окуу жылын утурлай билим берүү башкармалыгын тизгинин кайрадан колго алган жаңы жетекчи менен маек курду. Иманалиева окуу жылына даярдык, системадагы көйгөйлөр жана алдыдагы пландары тууралуу ой бөлүштү.
6 августа 2020Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
6 августа 2020Кыргызстанда акыркы суткада 549 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
6 августа 2020Ага ылайык, 34 жаштагы кыргызстандык келин бул жоругун кокустан жасаганын айткан. Шаардык прокуратура билдиргендей, наристе 4-август түнү Студенческая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн подъездинен табылган.
6 августа 2020ӨКМдин маалыматы боюнча, сел кечээ, 5-августта, саат 19:00дө тоолордо жааган катуу жаандан улам жүргөн. Анын кесепетинен 10 турак үйдүн короосуна суу толгон. Сарайлардын дубалдары ураган. 1,2 чакырым жол бузулуп, бир электр мамычасы кулаган.
6 августа 2020Ош — Өзгөн жолунда эки автоунаа кырсыкка учурап, анын кесепетинен эки жигит каза болду. Бул маалыматты Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.
5 августа 2020Кадрлардан кызыл түстөгү автоунаа жолдон чыгып кеткенин, анын үстү талкаланып калганын көрүүгө болот. Ал эми жолдогу күмүш түстүү автокөлүктүн капталы талкаланган. Эки автоунаанын тең үлгүсүн видеодон так аныктоого мүмкүн эмес.
5 августа 2020Бишкекте 1-класстын балдарын окутуу тартиби боюнча чечим август айынын ортосунда кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган онлайн-брифингде билдирди.
5 августа 2020Кыргызстанда акыркы суткада 569 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
5 августа 2020Өткөн суткада өлкө ичинде коронавирустун кесепетинен 11 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
5 августа 2020Кыргызстанда бүгүнкү күндө 7 382 киши коронавирус (пневмонияны эске алганда) илдетинен дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
4 августа 2020Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын эскертет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.
4 августа 2020Бишкекте соода борборлорунун, тамактануучу жайлардын жана коомдук транспорттун иш убактысы узартылды. Муну ырастаган токтомго шаар башчысы Азиз Суракматов кол койгонун мэриядан кабарлашты.
3 августа 2020Конституцияда шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык түрдө эл чогултуп спорттук оюндарды, концерт өткөрүүгө тыюу салынган. Бул мыйзам азыркы эпидемиологиялык шартка абдан туура келип жатат. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекова билдирди.
3 августа 2020Бишкекте пневмониянын оор түрү менен ооруканага келип түшкөн 101 жаштагы карыя айыгып, үйүнө чыкты, азыр абалы дурус. Бул туурасында борбор калаадагы президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлмира Баитова айтып берди.
3 августа 2020Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медиктердин төртөө гана убадалаган 200 миң сом компенсациясын алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.
3 августа 2020Чүйдөгү Орловка шаарында эки автоунаа кагышып, кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
3 августа 2020Өлкөдө июнь айынан бери эпидемиологиялык абал өтө курч деп эсептелүүдө. Акыркы кездерде күн сайын 10дон ашык кыргызстандык өмүрү менен кош айтышып жатат.
3 августа 2020Кыргызстанда кечээтен бери 410 адам COVID жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
3 августа 2020АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына Кытайдан жөнөтүлүп жаткан сырдуу посылкалар жаңы шылуундуктун бир түрү болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү АКШнын Айыл чарба министрлиги таратканын Business Insider басылмасы кабарлады.
3 августа 2020Ош шаарында дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова бүгүн Бишкектен табылды. Бул туурасында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
31 июля 2020Кыргызстандагы ооруканалар үчүн 560 кычкылтек концентратору чет жактан алып келинип, эми ооруканаларга таратылат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
31 июля 2020