Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты

10 августа 2020 Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

"Бүгүнкү күндөн тарта Түркия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу каттамдарды түрктөрдүн эки, Кыргызстандын бир компаниясы аткара баштайт. Pegasus Airlines, Turkish Airlines жана Avia Traffic компаниялары аптасына эки жолудан учат", — деди Акышев.

Ошондой эле ал Кувейт жана Өзбекстандын авиакомпанияларынан туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сунуш түшкөнүн, учурда бул маселе Республикалык штабда каралып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы аба каттам кайра жанданганы айтылган эле. Алгачкы учактар 14, 21, 28-август күндөрү абага көтөрүлөт.

Ал эми россиялык "Аэрофлот" эпидемиологиялык абалга байланыштуу деп буга чейин пландалган август айындагы бардык каттамдарын токтоткон.

sputnik