Ош — Өзгөн жолундагы кырсыктан эки жигит көз жумду

5 августа 2020 Ош — Өзгөн жолундагы кырсыктан эки жигит көз жумду

Ош — Өзгөн жолунда эки автоунаа кырсыкка учурап, анын кесепетинен эки жигит каза болду. Бул маалыматты Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Анын берген маалыматына ылайык, окуя бүгүн, 5-август күнү, саат 5:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Медресе айылында болгон.

Алдын ала берилген маалыматка караганда, Ош — Өзгөн жолунун 5-чакырымында чоң жүк ташуучу автоунаа менен "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү автокөлүк кагышкан.

Жеңил машинанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четинде токтоп турган жүк ташуучу SCANIA автоунаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил автоунаадагы эки адам каза болуп, дагы үч киши жабыркап, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Аталган жерге куткаруучулар тартылып, каза болгондордөн сөөгүн техникадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

sputnik