Караандатпай кетти. Белоруссияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты

10 августа 2020 Караандатпай кетти. Белоруссияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Александр Лукашенко — 80,23 пайыз, Светлана Тихановская — 9,90 пайыз, Анна Канопацкая — 1,68 пайыз, Сергей Черечень — 1,13 пайыз, Андрей Дмитриев 1,4 пайыз добушка ээ болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Добуш берүүгө жалпысынан шайлоочулардын 84,23 пайызы катышкан. 6,02 пайыз киши талапкерлердин баарына каршы экенин билдиришкен.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында, жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

sputnik