Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.
"Аэрофлот" дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен август айына пландалган каттамдарын токтотуп турууга мажбур болду", — деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.
Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.
Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.