Коронавирусту дагы 569 киши жуктуруп алды

5 августа 2020 Коронавирусту дагы 569 киши жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы суткада 569 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:

Бишкек — 190;
Ош — 84;
Чүй облусу — 45;
Ош облусу — 64;
Талас облусу — 43;
Нарын облусу — 13;
Ысык-Көл облусу — 41;
Жалал-Абад облусу — 47;
Баткен облусу — 42.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 110ге жетти.

sputnik