Табышмактуу посылка: АКШ Кытайдан белекке келген үрөндөрдүн чоо-жайын аныктады

3 августа 2020 Табышмактуу посылка: АКШ Кытайдан белекке келген үрөндөрдүн чоо-жайын аныктады

Буга чейин чет элдик ЖМКлар АКШ, Япония, Канада, Жаңы Зеландия жана Улуу Британиянын жарандары Кытайдан табышмактуу үрөн салынган баштыкчаларды алып жатканын жазышкан.

АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына Кытайдан жөнөтүлүп жаткан сырдуу посылкалар жаңы шылуундуктун бир түрү болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү АКШнын Айыл чарба министрлиги таратканын Business Insider басылмасы кабарлады.

Буга чейин чет элдик ЖМКлар АКШ, Япония, Канада, Жаңы Зеландия жана Улуу Британиянын жарандары Кытайдан табышмактуу үрөн салынган баштыкчаларды алып жатканын жазышкан.

Анча чоң эмес баштыктарда белгисиз өсүмдүктөрдүн үрөндөрү келип жаткандыктан, бийлик жарандарга аларга тийбей, адистер келгиче балдардын колу жетпеген жерге сактап коюуну сунуштаган. Кийин текшере келгенде алар жашоого эч коркунуч жаратпасы жана капуста, горчица, роза, жалбыз, розмарин сыяктуу өсүмдүктөргө таандык экени аныкталган.

"Бул посылкаларды жиберүүнүн максаты — чабуул же ууландыруу эмес. Бул жөн гана кытайлык шылуун интернет-дүкөндөрдүн амалы. Алар товарды кимдир бирөө заказ кылган сыяктуу даярдашат дагы, дүйнөнүн ар кайсы жагына жөнөтүшөт. Жыйынтыгында күтүлбөгөн жерден "белек" алган адам кубанып, интернетке алар жөнүндө жакшы пикирин жазат. Адатта мындай дүкөндөр кардарына сапаттуу товар жөнөтпөй, ордуна арзан же ушул үрөн сыяктуу болор-болбос нерселерди жөнөтүп коет", — деп айтылат кабарда.

Кытайдын почта кызматы бул маселе боюнча АКШ менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле бул сыяктуу посылкаларды кайра артка жиберүүсүн суранды. Бул учурда аны ким жибергенин аныктоо оңой болот.

sputnik