Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Окуя болгон жердеги видео

5 августа 2020 Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду. Окуя болгон жердеги видео

Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта автоунаалардын бири талкаланып калган.

Каргаша болгон жердеги видео "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

видео

Кадрлардан кызыл түстөгү автоунаа жолдон чыгып кеткенин, анын үстү талкаланып калганын көрүүгө болот. Ал эми жолдогу күмүш түстүү автокөлүктүн капталы талкаланган. Эки автоунаанын тең үлгүсүн видеодон так аныктоого мүмкүн эмес.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык Каракол — Теплоключенка жолунда болгон. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок, милиция жеринде иштеп жатат.

sputnik