Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

3 августа 2020 Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 4-октбярда өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык оюн-зоокторго тыюу салынарын айтты.

Конституцияда шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык түрдө эл чогултуп спорттук оюндарды, концерт өткөрүүгө тыюу салынган. Бул мыйзам азыркы эпидемиологиялык шартка абдан туура келип жатат. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоодо үгүт иштери көбүнесе интернет платформасында жүргүзүлөт.

"Баш мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштеринде спорттук оюндарды, концерттерди өткөрүүгө тыюу салынган. Анткени оюн-зооктордо партиянын программасы, талапкерлер тууралуу маалымат айтылбай эле жөн гана көңүл ачуу максаты аткарылып жатат. Андыктан Конститутция буга чейин эле мындай аракеттерге тыюу салган болчу. Бирок азыр эпидемиологиялык абал курчуп турганда бул мыйзамды аткарылышына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Шайлоону өткөрүү боюнча түзүлгөн республикалык штаб да бул боюнча алгоритмдерди иштеп чыгат", — деди Шайлдабекова.

Ал Кыргызстандын ар бир жараны санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого милдеттүү экендигин кошумчалады.

sputnik