Бир суткада 410 кыргызстандыктан COVID табылды. Жалпы саны 37 129га жетти

3 августа 2020 Бир суткада 410 кыргызстандыктан COVID табылды. Жалпы саны 37 129га жетти

Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 129 адамга жетти.

Кыргызстанда кечээтен бери 410 адам COVID жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:

Бишкек – 94;
Ош облусу – 79;
Ысык-Көл облусу – 66;
Ош – 47;
Жалал-Абад облусу – 37;
Баткен облусу – 34;
Чүй облусу – 33;
Нарын облусу – 12;
Талас облусу – 8.

Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 129 адамга жетти.

sputnik