Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео

6 августа 2020 Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео

Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылында дагы катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Видео

Видеодо сел үйлөрдүн короо-жайларына кирип, жолдорду жарактан чыгарууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, сел кечээ, 5-августта, саат 19:00дө тоолордо жааган катуу жаандан улам жүргөн. Анын кесепетинен 10 турак үйдүн короосуна суу толгон. Сарайлардын дубалдары ураган. 1,2 чакырым жол бузулуп, бир электр мамычасы кулаган.

Жапа чеккендер болгон эмес.

Селдин кесепетин жоюу үчүн жерине атайын техникалар жана ӨКМдин ыкчам тобу тартылган. 50 жергиликтүү тургун аларга жардам берип жатышат.

Кечээтен бери алар үч үйдүн короосун тазалашты, иш бүгүн да уланып жатат.

sputnik