Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

10 августа 2020 Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Кыргызстандан Россияга жеткире турган жакынкы авиарейстердин графиги РФтин КРдеги элчилигинин сайтында жарыяланды.

Каттамдардын тизмеси:

  • 12-август: Ош — Москва, учуу убактысы такталып жатат;
  • 12-август: Бишкек — Екатеринбург, учуу убактысы такталууда;
  • 15-август: Бишкек — Санкт-Петербург, учуу убактысы такталууда;
  • 16-август: Бишкек — Москва, 16:20да учат ("Аэрофлот");
  • 16-август: Ош — Санкт-Петербург, убактысы такталып жатат;
  • 26-август: Ош — Москва, 07:45те учат ("S7").

Кимдер уча алат?

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы рейске катталган Россиянын жарандары. Жүргүнчүлөр учар күнү сайттагы атайын бланкты толтуруп, https://www.gosuslugi.ru/395443/1 Россияга келгенге чейин үч календарлык күндүн ичинде коронавируска тест тапшыруусу зарыл. Анын жыйынтыгы https://www.gosuslugi.ru/400705/1 порталга жүктөлгөндөн кийин Роспотребнадзорго маалымат берилет.

Уча турчу жүргүнчүлөрдүн тизмесине кирген кыргызстандыктар, Россия жарандарынын ата-энелери, балдары жана жубайлары, убактылуу жашоого уруксаты барлар, медициналык мекемелер чакырып жаткандар жана оорулуу туугандарын карайм дегендер. Алар учарга үч күн калганда "Бонецкий" лабораториясынан анализ тапшырышы керек. Башка жактардыкы алынбайт. Ошондой эле тесттердин жыйынтыгынын жасалма эместиги текшерилет.

sputnik