Кечээтен бери 11 киши коронавирусту жеңе албай, акка моюн сунду

3 августа 2020 Кечээтен бери 11 киши коронавирусту жеңе албай, акка моюн сунду

Өлкөдө июнь айынан бери эпидемиологиялык абал өтө курч деп эсептелүүдө. Акыркы кездерде күн сайын 10дон ашык кыргызстандык өмүрү менен кош айтышып жатат.

Акыркы сутка ичинде коронавирустан 11 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

«Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын, бири Чүй облусунун, бири Нарын облусунун, үчөө Жалал-Абад облусунун, дагы бири Баткен облусунун тургундары эле”, — деди Акматова.

Жалпы каза болгондор — 1420.

sputnik