COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

10 августа 2020 COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору, академик Арег Тотолян коронавируска күзүндө кабылгандар буга чейин ооруп айыккандарга караганда бир топ кыйналышы мүмкүн экенин "Известия" басылмасына маек куруп жатып айтты.

Анын пикиринде, вирус жайылган маалда катуу обочолонгондор инфекцияны кандай кабыл аларын айтуу кыйын. Анын үстүнө SARS-CoV-2 күзүндө грипп, парагрипп жана буга чейин белгилүү болгон жана салыштырмалуу зыянсыз делген коронавирустар менен айкалышса кандай натыйжа болору да белгисиз.

"Сезондук инфекциялык илдеттер COVID-19 менен айкалышканда эмне болорун, абал курчуйбу, же тескерисинче антитело кадимки коронавирустан жакшы коргоно алабы, азырынча биз буга илимий негизде жооп берүүгө даяр эмеспиз", — деди академик.

Тотолян ошондой эле Роспотребнадзордун башчысы Анна Попованын сөздөрүн мисал келтирип, ал мурдагы жылдарга караганда эмдөө жүргүзүлбөгөн тумоонун башка түрлөрү таралышы мүмкүн экендигин эскертти.

Муну менен академик өлкө боюнча обочолонуу режимин киргизүү зарылдыгын айтууда. Ал илдет катталган гана аймакта жерди чектөө чарасын колдонуу жетиштүү болорун белгиледи.

sputnik