Айдоочу аял ичип алган. Чүйдө кырсыктагандар ооруканага жеткирилди. Видео

3 августа 2020 Айдоочу аял ичип алган. Чүйдө кырсыктагандар ооруканага жеткирилди. Видео

Милициянын билдиришинче жол кырсыгы кечээ эртең менен болгон. Бир автоунаанын айдоочусу ичимдик ичип алганы аныкталган.

Чүйдөгү Орловка шаарында эки автоунаа кагышып, кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша болгон жердеги кадрлар "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Видео

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 8:40тарда болуп, Toyota Prius жана Audi A4 үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан.

"Эки айдоочу тең ооруканага жаткырылды. Текшерүү иштерүүнүн натыйжасында Toyota автокөлүгүн башкарып бараткан 29 жаштагы аял спирт ичимдигин ичкени аныкталды", — деп билдирди ЖКККБ.

Машиналар айып короого киргизилип, жол кырсыгынын себеби такталып жатат.

sputnik