Өлкөдө канча киши COVID-19 менен ооруп жатат. Облустар боюнча маалымат

4 августа 2020 Өлкөдө канча киши COVID-19 менен ооруп жатат. Облустар боюнча маалымат

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда ооруп жаткан 816 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, жети адам каза болуп калды. 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 7 382 киши коронавирус (пневмонияны эске алганда) илдетинен дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Аймактарга бөлүп караганда:

Бишкек — 2 752;

Ош облусу — 1 190;

Чүй облусу — 802;

Ысык-Көл облусу — 736;

Жалал-Абад облусу — 654;

Ош шаары — 539;

Баткен облусу — 397;

Талас облусу — 162;

Нарын облусу — 150.

Эскерте кетсек, акыркы сутка ичинде 816 бейтап коронавирустан сакайып чыкса, жети адам каза болгон. Жаңы жуктурган 412 учур катталган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эске алганда) жуктурган учур жалпысынан 37 541ге жетти. Илдеттен 28 743 киши айыгып чыккан. Ал эми 1 427 жаран оорудан улам (пневмонияны кошкондо) каза болгон.

sputnik