Бир суткада 549 кыргызстандыктан COVID табылды

6 августа 2020 Бир суткада 549 кыргызстандыктан COVID табылды

Кыргызстанда акыркы суткада 549 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар:
Бишкек – 162
Ош – 81
Чүй облусу – 38
Ош облусу - 71
Талас облусу – 36
Нарын облусу – 12
Ысык-Көл облусу – 45
Жалал-Абад облусу – 44

Баткен облусу – 60

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 659га жетти.

sputnik